Tuesday, January 1, 2013

Эсимде

Эсимде, Елена Кирал менен жаңы эле жаздырдык. Жаны 2013-жыл жакшылыктын жылы болсун... https://www.dropbox.com/s/gv5x7bgwgmoeh4m/esimde%20elena%20kiral%201.jan%2013.mp3?m

Friday, December 25, 2009



Католиктер менен протестанттар Иисус Христостун туулган күнүн майрамдап жатканда, америкалыктар адаттагы крисмас ырында президент Обаманын бардыкка бирдей саламаттык камсыздоосун киргизүү далалатын колдогон ырын ырдап чыгышты. Видеодо бул ырды аталган реформанын колдоочусу, Минесоталык демократ консгрессмен Кис Эллисон Rep. (Keith Ellison (D-MN) тааныштырды. Ал эми ырдын сөздөрүн мен өзүм эле сөзмө сөз которуп койдум:

Health care’s out of reach…
The cost is way too high,
And if we cannot pay
They will simply let us die

Саламаттык камсыздоого кол жетпейт
Чыгымдары өтө эле кымбат имиш
Төлөй албасак,
Өлүп калсак кимдин эмне иши бар?

Insurance sets the rules
And caps the care we seek
The time has come for change
You know
This happening this week!

Эрежени камсыздоо компаниялары аныктайт
Бизге канча дары керектигин да ошолор билет
Бул жагдайды өзгөртүүгө мезгил келди
Өзгөрүү ушул жумада болуп жатат!

We can’t wait
We can’t wait
We can’t wait at all
Health care now for every one
Listen to our call

Күтө күтө тажадык
Күтө күтө түңүлдүк
Мындан ары күтпөйбүз
Ар бир адамдын ден-соолугу камсыздалсын
Биздин чакырыкты уккула!

Rich and poor,
Young and old
Black and red and white
Public option for us all
Hear our song tonight

Байбы, кедейби
Жашпы, карыбыз
Карабы, кызылбы, акпы
Баарыбызга бирдей жалпы элдик камсыздоо болсун,
Биздин талап ушундай!

Sunday, July 19, 2009

Мигранттардын акыйнек

Кыргыздар жер кезип кетти, бул видеодон алардын турмушуна өздөрүнүн көзү менен карап, же тагыраак айтканда, өздөрүнүн сөзүнөн биле алабыз. Прагадагы Жагалмай тобунун 2007-жылы 8-март Эл аралык Аялдар күнүндөгү Кыргызстандын Омбудсмени өзү катышкан концертинен бир шиңгил.

Thursday, June 4, 2009

Бриттаниден ыр



Бул кыздын аты Хлое, бриттани тилинде сүйлөгөн аз сандагы француздардан. Ушул май айында жолукканыбызда ал мага бриттани тилинде ырдап берди.

Лораң (Lorient)шаарында тартылган видеодогу ырдын сөздөрүн Хлое өзү бриттани тилинде жазып берди, ал эми котормосу бул:

Он ай мурда
Айылга күкүк келди
Күкүк менен көгүчкөн
Кыздар баары ышкырат
(Жигиттин айтып турганы:)
Себебин билбейм эмнеден
бирок түнү менен уктай албайм.

Бриттани - Франциянын эң түндүк-батышындагы дубан, байыркы келттердин жергеси. Аты айтып тургандай, Улуу Британияга уйкаштырылып аталган, кээде Кичи Британия деп да коюшат экен. Бриттани тили дээрлик колдонулбай калган.

Лоран балыкчылардын шаары, Экинчи дүйнөлүк согушта бүт бомбалган. Орто кылымдарда Африкадан кулдарды ташыгандар Америкага жол тартаардын алдында ушул портко келишчү экен.

Saturday, January 3, 2009

Куймак ыр



Жаңы Жылыңыз куттуу болсун!

Француздар куймакты "креп" (crêpe) деп аташат. Орустарда "блинчики". Францияда аны дээрлик майсыз бышырышат. Бышкандан кийин үстүнө коньяктан 2-3 кашык куюп, үстүнө ширеңке чакканда, коняк бир жолу жалт этип күйөт да, анын даамы куймакка сиңип калат. Flambée, демек "өрттөлгөн" же "куйкаланган" куймак. Мындай куймакты Иисус Христостун туулган күнүнөн туура алты жумадан кийин жасашат. Көмөчтанга улам ыргытып, кайра тосуп алып бышырышат. Жерге түшүрбөй бышыргандардын дасторкону жыл бою жайылуу, үстү түркүн тамакка толо болот. Жерге түшүрүп жибергендер ач калат!

Франциянын Акитан жергесинде коньяктын ордуна ушул жакта чыгуучу арманякты колдонушат жана бул ырды ырдашат (Мариянын аткаруусунда):

(угуңуз)

Monday, September 1, 2008

Балкадиша

Бул ырды мен казак ырларынын дискинен уккан элем, анын түпкү маанисин Абдигани агай да мындайча айтып берди:

"Дүйнөдө далай азаматтар, далай кыз-жигиттер сүйгөнүнө кошула албай арманда кеткен эмеспи. Сондай трагедиялык жагдайга арналган анниң (ырдын) бири Балкадиша. Оны жазган халк композиторы Ахан Серы."

(угуңуз)

Saturday, August 30, 2008

Аксаткын

Бул арман ырдын көп түрлөрү бар дешет, мен экөөсүн таптым. Бири эл арасында айтылып жүргөндөй, кара сөз менен аралаш айтылат. Экинчисин "Music de Monde" дискинен уктум. Ошол бүт дүйнөгө таркаган дисктеги ырда Кулмырзанын өлгөнү түз айтылбайт, бирок контексттен түшүнүктүү болуп турат. Кыз оокатуу жердин кызы болгону анын "башайы төшөк салынып, саймалуу жаздык жазданып" жатканынан билебиз. Кулмырзанын атасы артынан издеп келип, баласынын күнөөсүн билгени үчүн чатак сала албаганын болжолдоо мүмкүн. Аксаткын күйөөдөгү келинби, же күйөөгө тийе элек чагыбы, бул ырдан билүү мүмкүн эмес. Бирок ал өз тагдырына ээ боло албаса да, ашыгынын артынан өзү өзүнө бычак уруп кете бергени анын баатырдык мүнөзүнөн кабар берет. Кыргыздар көчмөн кезде, кыздар жигиттен жигит тандап, күйөөлөп кыздын айлына келген жигит кыздын үстүнө түн жамынып, "капшытты тилип" келип жүргөн учурлардан калган ыр сыяктанат. Ал турмушта болгон окуяга байланыштуу Аксаткындын атынан айтылган кошок түрүндө калган деп айтсак болчудай.

Ырды угуңуз.:

Башайы төшөк алдымда, досум
Саймалуу жаздык башымда, досум
Жаткан бир элем-ай жамбаштап, досум
Жаш башты жалаң ой каптап, досум
Капталдай басып а жол салдың, досум
Капшытты тилип кол салдың, досум
Тууралай басып а жол салдың, досум
Тушумдан тилип кол салдың, досум

Кой, кой бир десем оо болбодуң, досум
Койдумду карай сойлодуң, досум.
Жалынган менен болбодуң, досум
Жаныма карай сойлодуң, досум
Турмак бир тургай эй укпадың, досум
Түн жарымын оой уктадың, досум.

Коштошуп келди-оой элиңден, досум
Жогорку айыл жериңден, досум
Коштошуп келип-ай тапкан жок, досум
Жоругуң мага жаккан жок, досум.
Атакең алып-ай топ атчан элди
Асылын сурап бүгүн да келди
Өлтүргөн кимдер-ай өлгөн ким, досум
Өлүгүң дөңгө көмгөн ким, досум.

Кубатың канча, ченейин, досум
Кунуңду бычып берейин, досум
Айыбың канча, кунуң жүз, досум
Аларга кошуп сулуу кыз, досум
Кыз десең эми-ай өзүбүз, досум
Болбосун эки сөзүбүз, досум
Кулмырзаң өлүп-ай куп болду, досум
Аксаткын экөө жуп болду, досум
Ак шамшар уруп-ай Аксаткын өлдү
Ашыктык күчүн тургандар көрдү...