Monday, September 1, 2008

Балкадиша

Бул ырды мен казак ырларынын дискинен уккан элем, анын түпкү маанисин Абдигани агай да мындайча айтып берди:

"Дүйнөдө далай азаматтар, далай кыз-жигиттер сүйгөнүнө кошула албай арманда кеткен эмеспи. Сондай трагедиялык жагдайга арналган анниң (ырдын) бири Балкадиша. Оны жазган халк композиторы Ахан Серы."

(угуңуз)

Saturday, August 30, 2008

Аксаткын

Бул арман ырдын көп түрлөрү бар дешет, мен экөөсүн таптым. Бири эл арасында айтылып жүргөндөй, кара сөз менен аралаш айтылат. Экинчисин "Music de Monde" дискинен уктум. Ошол бүт дүйнөгө таркаган дисктеги ырда Кулмырзанын өлгөнү түз айтылбайт, бирок контексттен түшүнүктүү болуп турат. Кыз оокатуу жердин кызы болгону анын "башайы төшөк салынып, саймалуу жаздык жазданып" жатканынан билебиз. Кулмырзанын атасы артынан издеп келип, баласынын күнөөсүн билгени үчүн чатак сала албаганын болжолдоо мүмкүн. Аксаткын күйөөдөгү келинби, же күйөөгө тийе элек чагыбы, бул ырдан билүү мүмкүн эмес. Бирок ал өз тагдырына ээ боло албаса да, ашыгынын артынан өзү өзүнө бычак уруп кете бергени анын баатырдык мүнөзүнөн кабар берет. Кыргыздар көчмөн кезде, кыздар жигиттен жигит тандап, күйөөлөп кыздын айлына келген жигит кыздын үстүнө түн жамынып, "капшытты тилип" келип жүргөн учурлардан калган ыр сыяктанат. Ал турмушта болгон окуяга байланыштуу Аксаткындын атынан айтылган кошок түрүндө калган деп айтсак болчудай.

Ырды угуңуз.:

Башайы төшөк алдымда, досум
Саймалуу жаздык башымда, досум
Жаткан бир элем-ай жамбаштап, досум
Жаш башты жалаң ой каптап, досум
Капталдай басып а жол салдың, досум
Капшытты тилип кол салдың, досум
Тууралай басып а жол салдың, досум
Тушумдан тилип кол салдың, досум

Кой, кой бир десем оо болбодуң, досум
Койдумду карай сойлодуң, досум.
Жалынган менен болбодуң, досум
Жаныма карай сойлодуң, досум
Турмак бир тургай эй укпадың, досум
Түн жарымын оой уктадың, досум.

Коштошуп келди-оой элиңден, досум
Жогорку айыл жериңден, досум
Коштошуп келип-ай тапкан жок, досум
Жоругуң мага жаккан жок, досум.
Атакең алып-ай топ атчан элди
Асылын сурап бүгүн да келди
Өлтүргөн кимдер-ай өлгөн ким, досум
Өлүгүң дөңгө көмгөн ким, досум.

Кубатың канча, ченейин, досум
Кунуңду бычып берейин, досум
Айыбың канча, кунуң жүз, досум
Аларга кошуп сулуу кыз, досум
Кыз десең эми-ай өзүбүз, досум
Болбосун эки сөзүбүз, досум
Кулмырзаң өлүп-ай куп болду, досум
Аксаткын экөө жуп болду, досум
Ак шамшар уруп-ай Аксаткын өлдү
Ашыктык күчүн тургандар көрдү...

Таң сыры

Домбрага салып, кыргыз ырларын Абдыгани агайдай эч ким мынчалык маашырланып, ыракаттанып ырдабаган болсо керек. Чынгыз Айтматовду Карловы Варыдан кезиктиргенин улам кайра эстеп, анан "Таң сырынын" таржымалын саймедиреп айтып калат:

"Таң сыры. Кыргыздын бул ыры казак элине кең тараган. Бул ыр тикелей улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун мөлтүр махабатына арналган. Маскөөдө окуп жүрген кезинде кыргыздын аруу кызы жапондун бир жигитине эрип, Жапонияга кеткен кезде "арбалсаң да бир келээрсиң, кармалсаң да бир келээрсиң, Ала-Тоону көргөнү" деп акын, жазуучу- композиторлор Аскар Исаев менен Сардарбек Жумалиев ушул эңдик (ырды) шыгарган. Кезинде иши түшүп, ошол аруу кыз Жапония сапары кезинде Чынгыз Айтматовго "агатай, мени ата мекениме жеткизиңизчи" деген кезинде Айтматов ал аруу кызга өз ата-журтуна кайтып келүүгө көмөктөшкөн".

(угуңуз)

Көрүшкөнчө көздөрүңдөн чагылган
Нурларыңан курган кайран көкүрөк
Бекер эле күн мен санап жаңылган
Өтүмү жок болгонума өкүнөм

Кайырмасы:

Кимге айтып күйүтүмдү
Кимге барып өкүнөм
Кимге айтып күйүтүмдү
Кимге барып өтүнөм

Кала берем мекенимде сени эстеп
Алыс жерде жүрсө экен деп аман-соо
Көкүрөктө көп сүрөтүң элестеп
Көргөн сайын жаны бирге жанар тоо

Кайырмасы:
Жалын бүрккөн үшкүрүгүң
жаңырыгы жанар тоо.

Таңшыгыча табышмактуу таң сыры
Танып кеттиң таңы салкын өлкөнү
Таба албайм кайрылганда айт чынын
Артык бекен башка жердин көркөмү?

Кайырмасы:
Кармалсаң да бир келээрсиң
Ала-Тоону көргөнү.
Арбалсаң да бир келээрсиң,
кармалсаң да бир келээрсиң
Туулган жерди көргөнү
Өскөн жерди көргөнү
Ала-Тоону көргөнү

Комузум

Бул ырды мен албетте бала чактан билем, бирок Европада ал мен үчүн жаңыча түскө ээ болду. Берлинде жүрүп, концлагерлерде аман калгандарды жолуктуруп, биз "Ата-мекендик согуш" деп атаган Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу европалык көз караштан тартылган тасмаларды көргөндө, кыргыздар ушул жакка эмнеге гана келди, эмнеге жанын кыйып, кан жутту? деген ой келбей койбойт экен. Анын үстүнө чейрек кылым мурда эле Европада Биринчи дүйнөлүк согуштун өтү күйүп турганда, падышанын буйругу менен оорукта иштөөдөн баш тартып көтөрүлгөн кыргыздар бир муун алмашканча коммунизм кан-жанына сиңип, СССРди мекеним деп калганын карабайсыңбы! Айтор француздардын "Мusik du Monde" (Дүйнө музыкасы) деген атактуу фирмасынын компакт дискинен ушул ырды таап алгандан бери, аны кайра-кайра угуп, Вердун, Герника мындай турсун, Германия, фашисттер түшүнө кирбеген тоолук кыргыздын фронтто кан жутуп, адамзатын нацизмден куткаруу үчүн тикесинен тик туруп, коммунизм үчүн согушканын, өзүн да, элди да жооткотуп, "ийреңдеген фашистти кырып салган, Берлинден барып Гитлерди кармап, өчүн алган" комузун ырдаганын европалыктар да билсе деп ойлой берем.

Анда ошол ыр (угуңуз)

Ээ, кечээ мен армияга барганда
жасап алган комузум
Асманда бомба келатса
Амал кылып окопко
жата калган комузум.

Өзүм менен фуронтко
Кошо барган комузум
Ажыдаардай фашистин
Астынан тосо барган комузум.

"Давай, майор-капитан,
а ну, давай пасмотрим,
что такое инструмент?"
деп кармалаган комузум.

Мен жарадам болгондо
Ыйлап турду комузум
Калганымдын артынан
Жыйнап турду комузум
"Байкуш бала кантет?!" деп
Ошондо сыйлап турду комузум.

Согушту көздөй бет алсам
Өлсөм эми мейли деп
Чуркап чыгат чалкалап,
Ыштыковой бой болсо
Ийреңдеген фашистти
кырып салат талкалап.

Батышты көздөй бет алып
Көчүп калды комузум
Баштагыдан күч алып
Өөрчүп калды комузум
Берлинден кармап Гитлерди
Ошондо өчүн алды комузум.

Сак-саламат согуштан
аман кайтты комузум
Эл-журтуна жылмайып
аман-эсен жеңиштен
моминтип
салам айтты комузум.

Friday, August 29, 2008

Каскалдак

Андан ары Абдыгани агайдын айтып турган жери: "Каскалдак ыры, акын Есенгали Раушановдун сөздөрү, ауэнин жазган Лесбек Аманов деген азамат. Бул аң 1985-86-жылдары шыккан. Сол жылы (1986-ж.) маскөөлүк империя саясатынның аркасында көпке кадырлы болган ел жетекшиси Динмухаммед Ахмед улы Кунаевдин ордуна кайдан бир шеттен эш ким билмейтин Колбин дегенди Казакстан Компартиясынын биринчи катшысы етип сайлады. Ким билсин, бул аңның түпки максаты баска да болы мүмкүн. Бирак, бул аң сол Кунаептын ордына Колбиндин келгенине катысты деп кабылдап, елге кең тарап кетти.

Ырды мында угуңуз.

Кара баур каскалдак
Кайда уштың бырпырлап оой
Сазың калды сабийдин
эңбегиңдей былкылдап оой

Кайырмасы:
Кара баур каскалдак оой
Керау кайт.
Сиреп калган тогайга
камыкпа деп көңүл айт-аай.
Уя калса үй ээсиз
Айдың үшын сол кайгы.
Каңгып келген шөрегей
Көлгө паана болмайдың-оой.

Өз босагаң, өз жериң
Тау-кырың, белесиң-оой
Босагасын баскага
тастай бекен, о несин-оой?

Жабирлеген сенегим
өз уяңдан бездирип-оой
Жарайды го жүрмесек
Бир балээге кезигип-оой.

Мен кайтейин басканын
Булбыл куссың сайраган-оой
Сен кеткели капкара
Түнек болды айналам-оой."

деп ырдаптыр Абдыгани агай. Мен бул ырды айрыкча жактырдым, анткени 1986-жылдагы окуялардын чекесин мен да көрүп калган элем. Жабылуу аяк жабылуу бойдон калып кетти, ал кезде Назарбаев өкмөт башында эле, азырга чейин тактыдан түшкөн жок. Чындык качан ачыкка чыгат, киши аткандар жана аларга буйрук бергендер качандыр бир үлгү иретинде болсо да жазаланабы, белгисиз...

Ырга түшүндүрмө:
каскалдак: кадырлуу куштун түрү
шөрегей: баркы жок куш
сабий: ымыркай
эмбек: ымыркайдын төбөсүндөгү жумшак жер, эмгек
сиреп калган тогай: жетимсиреп калган токой
камыкпа: кайгырба
айдың: көл

Эсимде

Бул ыр тууралуу Абдыганы агай мындай дептир: "Сөзү Жусуптуку, обону Атайдыкы деп жазылыптыр. Кай бир жылы Болот Минжылкыев кайтыш болду деп еситкен кезде камыгып, мен "Азаттык" (казак бөлүмү) радиосунан 7 мүнеттик кабар дайындадым. Сол кабарда соңунда Болот Мынжылкыев да сол "Эсимде" аңын айтады. Болат агабыз менен биз Ташкенде окып жүрген кезде кездескен болатынбыз, сырласкан болатынбыз. Сондан кийин анын орындаган аңдерин, опералык аңдерин Ленинградда, Америкада, Европада да тыңдагам.

Жайдын бир гана толук-оой кезиндең-аай
Адырлуу гана тоонун-оой бетинде
Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн-ой
Жайдары гана селкиң-ээй эсимде.

Өзүмдү гана сагаң-оой-аай берем деп-аай
Өмүрдүн гана гүлүн-оой терем деп
Сүйлөшкөн күндөр эсимдең ай
Турмуштун гана сырың-аай тереңдеп.

Антымды гана ойлоп-оой таңдагың-ааай
Көңүлүм гана сенден-оой калбады
Азыркы шайыр жаштардын-ай
Өзүңдөй гана болсун-ээй алганы."

Абдыгани агайдын жырлары

Абдыганы агай Прагада "Панорама" деген жерде жашайт. "Анделге" жакын. Бир ирет мага бир диск толтура ыр берди. "Буларды сага деп жаздырып койдум" деди. "Апаң да уксун, көчүрүп бер" дептир дисктин өзүндө. Мен аны чекесинен угуп, казакча, кыргызча, түркчө, түркмөнчө ырдаган ырларын кайра-кайра коюп, чөнтөк телефонго МП3 түрүндө жаздырып койгом, жолдо жүргөндө андан угуп, айтор мага өзүнчө бир эрмек болду. Алардын айрымдарын ушул жерге жазып турууну чечтим.