Saturday, August 30, 2008

Комузум

Бул ырды мен албетте бала чактан билем, бирок Европада ал мен үчүн жаңыча түскө ээ болду. Берлинде жүрүп, концлагерлерде аман калгандарды жолуктуруп, биз "Ата-мекендик согуш" деп атаган Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу европалык көз караштан тартылган тасмаларды көргөндө, кыргыздар ушул жакка эмнеге гана келди, эмнеге жанын кыйып, кан жутту? деген ой келбей койбойт экен. Анын үстүнө чейрек кылым мурда эле Европада Биринчи дүйнөлүк согуштун өтү күйүп турганда, падышанын буйругу менен оорукта иштөөдөн баш тартып көтөрүлгөн кыргыздар бир муун алмашканча коммунизм кан-жанына сиңип, СССРди мекеним деп калганын карабайсыңбы! Айтор француздардын "Мusik du Monde" (Дүйнө музыкасы) деген атактуу фирмасынын компакт дискинен ушул ырды таап алгандан бери, аны кайра-кайра угуп, Вердун, Герника мындай турсун, Германия, фашисттер түшүнө кирбеген тоолук кыргыздын фронтто кан жутуп, адамзатын нацизмден куткаруу үчүн тикесинен тик туруп, коммунизм үчүн согушканын, өзүн да, элди да жооткотуп, "ийреңдеген фашистти кырып салган, Берлинден барып Гитлерди кармап, өчүн алган" комузун ырдаганын европалыктар да билсе деп ойлой берем.

Анда ошол ыр (угуңуз)

Ээ, кечээ мен армияга барганда
жасап алган комузум
Асманда бомба келатса
Амал кылып окопко
жата калган комузум.

Өзүм менен фуронтко
Кошо барган комузум
Ажыдаардай фашистин
Астынан тосо барган комузум.

"Давай, майор-капитан,
а ну, давай пасмотрим,
что такое инструмент?"
деп кармалаган комузум.

Мен жарадам болгондо
Ыйлап турду комузум
Калганымдын артынан
Жыйнап турду комузум
"Байкуш бала кантет?!" деп
Ошондо сыйлап турду комузум.

Согушту көздөй бет алсам
Өлсөм эми мейли деп
Чуркап чыгат чалкалап,
Ыштыковой бой болсо
Ийреңдеген фашистти
кырып салат талкалап.

Батышты көздөй бет алып
Көчүп калды комузум
Баштагыдан күч алып
Өөрчүп калды комузум
Берлинден кармап Гитлерди
Ошондо өчүн алды комузум.

Сак-саламат согуштан
аман кайтты комузум
Эл-журтуна жылмайып
аман-эсен жеңиштен
моминтип
салам айтты комузум.

1 comment:

barbyeasler said...

A Guide to Casino Games - Wooricasinos
Discover the best online 토토 사이트 중계 casino games in 토토사이트모음 the UK, in addition to the ones we have 다 파벳 먹튀 on offer! Find out more about the 사다리게임사이트 best games 야구 분석 here!