Saturday, August 30, 2008

Аксаткын

Бул арман ырдын көп түрлөрү бар дешет, мен экөөсүн таптым. Бири эл арасында айтылып жүргөндөй, кара сөз менен аралаш айтылат. Экинчисин "Music de Monde" дискинен уктум. Ошол бүт дүйнөгө таркаган дисктеги ырда Кулмырзанын өлгөнү түз айтылбайт, бирок контексттен түшүнүктүү болуп турат. Кыз оокатуу жердин кызы болгону анын "башайы төшөк салынып, саймалуу жаздык жазданып" жатканынан билебиз. Кулмырзанын атасы артынан издеп келип, баласынын күнөөсүн билгени үчүн чатак сала албаганын болжолдоо мүмкүн. Аксаткын күйөөдөгү келинби, же күйөөгө тийе элек чагыбы, бул ырдан билүү мүмкүн эмес. Бирок ал өз тагдырына ээ боло албаса да, ашыгынын артынан өзү өзүнө бычак уруп кете бергени анын баатырдык мүнөзүнөн кабар берет. Кыргыздар көчмөн кезде, кыздар жигиттен жигит тандап, күйөөлөп кыздын айлына келген жигит кыздын үстүнө түн жамынып, "капшытты тилип" келип жүргөн учурлардан калган ыр сыяктанат. Ал турмушта болгон окуяга байланыштуу Аксаткындын атынан айтылган кошок түрүндө калган деп айтсак болчудай.

Ырды угуңуз.:

Башайы төшөк алдымда, досум
Саймалуу жаздык башымда, досум
Жаткан бир элем-ай жамбаштап, досум
Жаш башты жалаң ой каптап, досум
Капталдай басып а жол салдың, досум
Капшытты тилип кол салдың, досум
Тууралай басып а жол салдың, досум
Тушумдан тилип кол салдың, досум

Кой, кой бир десем оо болбодуң, досум
Койдумду карай сойлодуң, досум.
Жалынган менен болбодуң, досум
Жаныма карай сойлодуң, досум
Турмак бир тургай эй укпадың, досум
Түн жарымын оой уктадың, досум.

Коштошуп келди-оой элиңден, досум
Жогорку айыл жериңден, досум
Коштошуп келип-ай тапкан жок, досум
Жоругуң мага жаккан жок, досум.
Атакең алып-ай топ атчан элди
Асылын сурап бүгүн да келди
Өлтүргөн кимдер-ай өлгөн ким, досум
Өлүгүң дөңгө көмгөн ким, досум.

Кубатың канча, ченейин, досум
Кунуңду бычып берейин, досум
Айыбың канча, кунуң жүз, досум
Аларга кошуп сулуу кыз, досум
Кыз десең эми-ай өзүбүз, досум
Болбосун эки сөзүбүз, досум
Кулмырзаң өлүп-ай куп болду, досум
Аксаткын экөө жуп болду, досум
Ак шамшар уруп-ай Аксаткын өлдү
Ашыктык күчүн тургандар көрдү...

No comments: